• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өкмөт өлүм жасазына каршы. Ошто жашыруун иштеген казино жабылды

12 Бугу 2023 18:24 Бишкек Govori.TV

КУРУЛУШТАРДЫН САПАТЫ ТЕКШЕРИЛЕТ

Министрлер кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, деп билдирет министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркиянын аймагында болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды, анын натыйжасында Кыргызстандын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн.

Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө өлкө аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетине маалымат берүү тапшырылды.

МИНИСТР ЖӨЛӨК ПУЛ АЛГАНДАР АЗАЙГАНЫН АЙТТЫ

Министр Кудайберген Базарбаев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын 12-майдагы жыйынында өлкөдө балдарына жөлөк пул алган үй-бүлөлөр азайганын билдирди. Бирок кандай себептерден улам кыскарганын тактаган жок.

Буга чейин бир катар аймактарда балдарына жөлөк пул алууда кыйынчылыктар бар экени тууралуу нааразылык айтылып келген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында өлкөдөгү кадр саясатынын абалы, жумушсуздукту кыскартуу жана калкты иш менен камсыз кылуу маселеси каралды. Жыйында сөз сүйлөгөн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев республикада 98 миң жумушсуз жаран катталганын маалымдап, аларды ишке орноштуруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

ПЕДОФИЛДЕРГЕ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН КИРГИЗҮҮ СУНУШУ

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter аркылуу «Элдик» депутаттык тобунун мүчөлөрүнүн педофилдерге өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгесине карата пикирин билдирди.

«Өлүм жазасын алып салуу — бул жалпы элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма. Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт», — деп жазган Байсалов.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттар тобу Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбооруна корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылганы белгилүү болгон. Былтыр октябрда коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоордо балдарга карата зордук-зомбулукка баргандарды, педофилдерди өлүм жазасына тартуу жобосун киргизүү каралган.

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун «КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча сунушун кароого кабыл алган.

ДЕПУТАТ БЫЧАКТАН ЖАРААТ АЛДЫ

Ош облусунун Кара-Суу районунда жергиликтүү депутат бычактан жараат алган. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-берениси (“Бейбаштык») менен тергелип жатат. Алгач социалдык түйүндөрдө “Криминалдык топтордун мүчөлөрү бычакташты” деп тараган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлгөнү, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес экени аныкталганы кабарланды.

«Эки киши бирине бири бычак сайган окуя быйыл 6-майга караган түнү Кара-Суу шаарындагы кабат үйлөрдүн биринин алдында болгон. Жараат алгандардын бири Савай айылдык кеңешинин депутаты, 30 жаштагы Нурбек Абдумалик уулу, экинчиси ушул эле айылдын 28 жаштагы тургуну экени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер мекемеси тактоо иштерин жүргүзгөнүн, алар кылмыштуу топтун мүчөсү экендигин тастыктаган далилдер жок болуп чыкканын маалымдады.

БЮДЖЕТКЕ КЕЛТИРИЛГЕН ЗЫЯНДЫН ОРДУ ТОЛТУРУЛДУ

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) «Мурас» мүнүшкөр борбору мамлекетке 7 милилон 700 миң сомдук зыян келтиргени аныкталганын билдирди. Ага ылайык, аталаган уюм 2020-жылы Түп районунун Тогуз-Булак айылында президенттин иш башкармалыгына караштуу «Аңчылык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айылында бак-дарактар мыйзамсыз кыйганы, жайыт жерлердин топурактарык иштеткени аныкталган.
«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Мурас» борборунун жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, экологияга өзгөчө ири өлчөмдө, 7 миллион 700 миң сом зыян келтирилгени такталды. Бул акча толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду»,-деп жазылган маалыматта.
«Мурас» куш таптап, аңчылык менен алектенген адамдардын бирикмеси. 2018-жылдагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда 200дөй мүнүшкөр алгыр куш багат. Алардын ичинен 100 киши мамлекеттик агенттиктен «А» жана «Л» категориясындагы мергенчилик күбөлүгүн алган.

МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КАЗИНОДО ТИНТҮҮ ЖҮРДҮ

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз кумар оюн жайынын бети ачылып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай,  тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө кумар оюн жайынан 327 000 сом акча жана 16 персоналдык компьютер табылып алынган. Ошондой эле, аталган мекеменин жетекчисинен 597 200 сом, 4 800 АКШ доллары, 4 000 рубль жана 4 процессор табылган.

Учурда уруксаты жок иштеп жаткан кумароюн жайларын аныктоо жана бөгөт коюу иштери уланууда.

ЖАШЫРУУН СҮТ ЦЕХИ АНЫКТАЛДЫ

Чүй облусунда жылдык жүгүртүүсү 140 млн сомдон ашкан сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду. Маалыматта айтылгандай, сүт өндүрүүчүлөр узак убакыт бою фермерлер менен сүт заводдорунун ортосунда ортомчу болушуп, алар элден сүттү арзан баада сатып алып, дыйкандарга сүттү түздөн-түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылып келишкен.

Мындан сырткары, сүт өндүрүүчүлөр салыктарды төлөөдөн качуу максатында кирешенин иш жүзүндөгү суммасын атайылап жашырышкан. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашык болгондугун, мында салыкка келтирилген алдын-ала зыяндын суммасы 34 миллион сомго жакынды түзгөн.

Тергөөнүн акагында, сүт өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн уюштуруучуларынын бири кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча сатып алуу агенттеринин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү жүргүзүлүүдө.

Кошумчалангандай, бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 106