• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өкмөт отставкага кетпейт. Баш мыйзамды өзгөртүү сунушталды

10 Бугу 2023 19:40 Бишкек Govori.TV

ӨКМӨТТҮН ОТСТАВКАСЫ ТУУРАЛУУ СУНУШ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Жогорку Кеңеш бүгүн, 10-майдагы жалпы жыйынында карап, четке какты. Фракциянын Министрлер кабинетин кызматтан кетирүү сунушун четке кагуу тууралуу комитеттин чечимин 48 депутат колдоп, 9 депутат каршы болду.

Жыйын учурунда депутат Мейкинбек Абдалиев өкмөттү отставкага кетирүү менен көйгөй чечилбей турганын айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды.

Белгилей кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун 27-апрелде берген. Мындай чечимге өкмөттүн Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

28-апрелде “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети карап, четке каккан.

КУРУЛТАЙ МЫЙЗАМЫ 1-ОКУУДА ЖАКТЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 10-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, бир топ талаш-талкуулардан соң анын концепциясы жактырылды.

Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов Курултайдын мүчөлөрү жылына бир жолу эле чогулуп, көйгөйлөрдү көтөрүп, сунуштары менен бөлүшүп турушу керектигин айтты.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева Курултай бийликтин кайсы бутагына кирерине кызыкты. Өз кезегинде мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев Курултай бийликтин үч бутагынын бирөөсүнө да кирбей тургандыгын жана өзүнчө бийлик бутагы катары да эсептелбестигин маалымдады.

Ошондой эле депутат Мирлан Самыйкожо акыркы Курултайда көтөрүлгөн маселелердин канчасы чечилип, канчасы аткарылгандыгын анализдеген материалды кийинки жыйынга алып келип тааныштырууну талап кылды. 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарган. Президент ыйгарым укугун пайдаланып «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлык чыгарган жана курултайды чакырган.

ЖАҢЫ БАНКНОТТОР ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫКТЫ

2023-жылдын 10-майынан тартып Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордон турган улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, жаңы банкноттор Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата чыгарылды.

Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун сюжеттеринин негизги темасы өзгөртүлгөн жок. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөргөн жок.

Улуттук валютанын бардык банкноттору, чыгарылган жылына карабастан, Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет.

«КЫЯЛДАГЫ» КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМА

«Кыял» элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемалар аныкталды.

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, аталган бирикменин кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери жеке баюу максатында базардын ишкерлеринен жана соодагерлеринен системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алышкандыгы аныкталган.

Сот органдарынын чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз ижарага берүү үчүн акча чогултуунун далилдери табылып, ошондой эле, «Кыял» ишканасы коммерциялык-өндүрүштүк жайларын расмий каттоосуз 12 миң долларга мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Мекемелер аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда.

УКМК тарабынан кылмышка шектүү катары «Кыялдын» мурдагы директору, базардын 3  контролерлору, ошондой эле аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалган. Кармалган алты жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Ош шаарында ичимдиктин айынан эркек киши бөтөлкөлөшүн өлтүрүп алган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, шектүү жаран Ош шаарындагы Земляничная көчөсүндө жашаган 41 жаштагы жаран таанышынын үйүнө конокко келип, спирттик ичимдиктерди ичишкен. Андан соң экөө чырдашып, мушташа кетишкен. Натыйжада конокко келген жаран үй ээсин уруп, балта менен чаап өлтүрүп койгон. Окуя 6-май күнү түнкү саат 03:00дөр чамаларында болгон.

Кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалды. Ага Ош шаардык соту тарабынан 8-май күнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо чечими чыгарылды. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 100