• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңешке ким депутат болуп келет? (Жаңыланууда)

1 Бештин айы 202514:06 Бишкек Govori.TV

Учурда автоматтык эсептөө урналар (АСУ) 2619 участкалык шайлоо комиссиясынын маалыматтарын толугу менен эсептеп бүттү.

Белгилей кетсек, бул алдын ала жыйынтыктар автоматтык эсептегич үкөктөрдөн алынган маалымат жана юридикалык күчкө ээ эмес. Шайлоонун расмий жыйынтыгы кол санак бүткөндөн кийин чыгарылат.

Ага ылайык, БШКнын сайтында АСУнун эсеби боюнча катышуу — 36,90% деп көрсөтүлүүдө. Бул шайлоого 1 млн 584 миң 446 киши катышканын билдирет. Жалпысынан шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирген.

Күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга 460 талапкер ат салышты. Добуш берүү үчүн өлкө аймагы боюнча 2492, чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси ачылды. Аралыктан добуш берүүгө 27 шайлоо тилкеси уюштурулду.

Количество просмотров: 494