• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Кылмыш иши козголгон бейтап. Апрель окуясына он жыл

7 Чын куран 2020 20:00 Бишкек Govori.TV

COVID-19: ВИРУС ЖУКТУРГАНДАР 228ГЕ ЖЕТТИ
Кыргызстанда бүгүн, 7-апрелде коронавирус жуктурган дагы 12 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Министр билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 228 кишиге жетти.

АПРЕЛЬ ЫҢКЫЛАБЫНА 10 ЖЫЛ

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги Апрель баатырларына тургузулган эстеликке гүлчамбар койду. Маркумдардын арбагына багышталып куран окулду.

COVID-19: ЭКОНОМИКАЛЫК АБАЛ

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев биздин өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөй эле салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошотуп же кайтарымсыз негизде насыялоо бере албай турганын онлайн пресс-конференциянын жүрүшүндө билдирди. Анын айтуусуна караганда, бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учурдагы кырдаалды так түшүнүү керек.

КОРОНАВИРУС ЖУГУЗУП АЛГАНЫН ЖАШЫРГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бүгүн Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйын берип, Бишкек шаарында өзгөчө абал режими киргизилгенден бери 516 кылмыш иши катталгандыгын айтты.
Ал эми Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын комендатурасы маалымат таратып, бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалганын, жана аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандыгын айтты.

Количество просмотров: 242