• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Парламент жарым жылда канча акча короткон? Түркияда изделип жаткан кыргыз кыз табылды

5 Теке 2023 18:03 Бишкек Govori.TV

ЖАРЫМ ЖЫЛДА ЖК КАНЧА КАРАЖАТ КОРОТКОН?

Январь-июнь айларында Жогорку Кеңешке 571,7 миллион сом акча бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.

Акчанын көпчүлүк бөлүгү айлык акыга кеткен. Ага 398,5 миллион сом жумшалды. Андан тышкары, 57,2 миллион сом ар кандай товар же кызмат сатып алууга, дагы 53,9 миллион сом Социалдык фондко чегирилди.

Депутаттардын кызматтык сапарына 15,5 миллион сом, байланышка — 2,3 миллион сом бөлүндү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын резерв фондунун чыгымы 12,6 миллион сомду түздү.

КОРРУПЦИЯГА АЙЫПТАЛГАН ДАРЫГЕР ООРУКАНАГА ТҮШТҮ

Коррупциялык схемаларды түзүүгө шектелген Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери Токтобай Маанаев ооруканага түштү. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, Маанаев 4-июлда инфаркт алып, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына түшкөн.

Маанаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 21-июнда үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Эске салсак, Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери үстүбүздөгү жылдын март айында кармалган. Атайын кызмат башкы дарыгердин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганына байланыштуу 20дан ашуун факты катталганын билдирген.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча финансылык-чарбалык аудит жүргүзүлүп, медициналык буюмдарды ашыкча сатып алуу жана кымбат баалуу дары-дармектерди эсептен чыгаруу фактылары аныкталганын маалымдаган.

«Шектүү дары-дармек сатып алууда мыйзамсыз келишим түзгөн, мунун айынан өлкө бюджети жалпысынан 40 млн. сомдон ашык зыян тарткан» деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Маанаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин(УКМК) убактылуу тергөө абагына 2 айга камалган.

СТАМБУЛДА ИЗДЕЛИП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КЫЗЫ ТАБЫЛДЫ

Стамбул шаарында дайынсыз болуп жаткан кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова билдиргенин Азаттык жазды.

Башкы консул кыз качан жана кимдер тарабынан табылганын тактаган эмес.

Эске салсак, 24-июнь күнү Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кыргызстандык аял чалып, кызы дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Кыз Болгариянын Варна шаарына жолго чыккан. Ал Бишкектен Стамбулга учак менен барып, андан ары автобус менен Варна шаарына кетмек болгон.

АЛТЫМЫШТАН АШЫК БАЛА СУУГА ЧӨККӨН

Соңку алты айда 60тан ашык жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдады.

«Жайкы эс алуунун башталышы менен балдардын коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчө актуалдуу маселелердин бири. Буга байланыштуу негизги тапшырма Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилген. Жай мезгилинде коомдук тартипти сактоо үчүн укук коргоо органдары көлмөлөрдө, адамдар көп жүргөн жерлерде патрулдук иш-чараларды жүргүзүп жатат. Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүнү, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбесин, балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертет»,- деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 344