• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Күндүн ыргагы: Тарапташтары Атамбаевди сатты…

8 Тогуздун айы 2019 18:02 Бишкек Govori.TV

Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жактоочу Замир Жоошевге таянып жазды. Жактоочунун айтымында, Алга Кылычев тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге барган. Ал Атамбаев бийликти басып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп билдирген.


Бекназаров Атамбаевге жактоочу болгонбу?

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаралы деген сунушум убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө жаккан жок. Мындай билдирүүсүн саясатчы Азимбек Бекназаров журналисттерге маалымат жыйын берип жатып айтты. Саясатчынын мындай билдирүүсү коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Ал эми айрымдар кече эле Бекназаров Атамбаевдин кылмыш иштерин тизмектеп, ал токтоосуз камакка алынуусу керек дегенин эстеп өтүштү.


Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?

Социалдык тармактарда көшөгөнүн артында жаш кызды күч менен отургузууга аркет кылып, тасмадагы кыз 16 жашта экени, аны 35 жаштагы жигит күч менен алып качып келгени жазылган маалымат тараган. Ал эми Талас облустук милициясы учурда тасмадагы маалыматтар боюнча териштирүү жүрүп жатканын жана кыз ала качуу тууралуу милицияга расмий арыз келип түшпөгөнүн айтты.

Количество просмотров: 183