• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Уят, уят…» Зомбулукка каршы митингде көз караштар кагылышты

10 Жалган куран 2020 19:00 Бишкек Govori.TV

ФЕМИНИСТТЕРДИН МИТИНГИ УЛАНДЫ
Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында аялдардын укугун коргоо зомбулукка каршы тынчтык акциясы болуп өттү.

АК ҮЙДӨ ИШТЕГЕНДЕРГЕ КОЛ САЛГАН АЯЛ КАМАКТА БОЛОТ
Мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоо митингинде Ак үйдүн кызматкерлерине кол салган аял №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

АБАКТАГЫЛАР АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАДЫ
Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 200дөй адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 10-мартта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.

БЫЧАКТАЛГАН БАЛАНЫН АБАЛЫ АЙТЫЛДЫ
Бишкекте бычакталган 10 жаштагы баланын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

МАЙРАМДАРДЫ ТОКТОТУП МЭРИЯ 4 МЛН СОМ ҮНӨМДӨДҮ
8-март− Аялдардын эл аралык күнү жана 21-март −Нооруз майрамына карата иш-чаралар токтотулганына байланыштуу 4 миллион 200 миң сом үнөмдөлдү.

АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР ОРНОТУЛАТ
«Түндүкэлектр» ААК 2020-жылы оңдоо иштеринин алкагында 61255 акылдуу эсептегичтерди орнотууну пландап жатат.

Количество просмотров: 387