• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көп аялдуулукка айыпталган киши соттолду

25 Жетинин айы 20199:05 Бишкек Govori.TV

Бухара облусунун Гиждуван районунун жашоочусу “көп аялдуулук” үчүн бир жылга эркинен ажырыталды.

Өзбек басылмалары билдиргендей, соттолгон киши расмий никесине карабай, 2016-жылы экинчи жолу үйлөнгөн. Ал аялы ооруп калып, уул төрөп бере албагандыктан ушундай кадамга барганын айткан.

2018-жылы экинчи аялы уул төрөгөн. Сот жараяны учурунда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Бирок экинчи ирет никеге турганына карабай, биринчи үй-бүлөсүнө да жакшы шарт түзүп бергенин, эки кызын багып келгенин белгилеген.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинин “Көп аялдуулук” беренесине ылайык, сот аны бир жылга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 137