Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.
«Өрттүн кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы», -деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Октябрь районундагы Токомбаев көчөсүнүн №21/1Г дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2 кабатында электр калканынан өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан жашоочулар эвакуацияланган.
Учурда өрттүн себеби белгисиз.