• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Көп кабаттуу үйдүн тосмосу турак үйлөрдүн короосуна кулады

22 Бирдин айы 202613:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында болгон шамалдан улам Көк-Жар конушундагы Күйүкова көчөсү, 8 дарегинде курулуп жаткан көп кабатуу үйдүн тосмосу жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна кулаган. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан аталган аймакта тиешелүү чаралар көрүлдү.

Курулушту жүргүзүп жаткан “Централ Азия Инвест» ЖЧКсына жабыр тарткан турак үйлөрдүн тосмолорун калыбына келтирүү милдеттендирилип, аны аткаруу үчүн компанияга 3 күндүк мөөнөт берилди.

Ошондой эле 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Количество просмотров: 103