• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Көпчүлүк аймакта кар жаайт: 26-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

25 Жетинин айы 2021 15:47 Бишкек Govori.TV

Эртең, 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Зымдарда жана бак-дарактарда суу кар топтолот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Количество просмотров: 222