• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Жумабек Салымбеков дайындалды

20 Аяк оона 2018 10:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
 Көпчүлүк коалициянын лидери болуп Жумабек Салымбеков тандалды.  «Кыргызстан» фракциясы болсо оппозицияда калды.
Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы Шаардык кеңештин төрагалыгына КСДП фракциясынан Жаныбек Абировдун талапкерлигин сунуштады.
Буга чейинки көпчүлүк коалициянын курамында КСДП, «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» фракциялары бар болчу. Ал эми «Республика — Ата-Журт» оппозициялык фракция эле.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кенешинин төрагасы болуп,  Жумабек Салымбековдун келүүсү айтылган.
Мурдагы төрага  Алмаз Кененбаев ,Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп кеткендигине байланыштуу анын кызмат ордуна  Ж. Салымбековдун келүүсү ыктымал. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешинин өздүк булактарынан билдиришти.
Кошумчалай кетсек, Жумабек Салымбеков “Дордой  базарынын” башкы  жетекчиси жана ага ээлик кылгандардын катарын толуктайт.
Количество просмотров: 15