• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Кырк чоро» кыймылынын лидерине айып салынды

10 Жалган куран 202010:54 Бишкек Govori.TV

«Кырк чоро» кыймылынын лидери Замир Көчөрбаевге 3000 сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта АКИpress агенттигине З.Көчөрбаев өзү билдирди.

Анын айтымында, өзүнө жана дагы башка адамдарга Бузуулар жөнүндө кодекстин 82-беренеси (ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) боюнча айып чегерилди. Ал кыймылдын мүчөлөрү Бишкекте өткөн аялдар маршында эч кандай эреже бузбаганын кошумчалады.

Буга чейин Свердлов РИИБ билдиргендей, аялдар маршына катышкан 6 аял кишиге жана 5 эркек адамга айып салынган.

Количество просмотров: 1251