• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көзү ачыктыктар кармалды. Кезек чала молдолордо

4 Жетинин айы 202410:48 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын күч органдары ири рейд жүргүзүп, көзү ачыктык жана сыйкыр менен алектенген 1500дөй жаранды кармаганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Мындай масштабдуу рейд жасоо тапшырмасын өлкө президенти Эмомали Рахмон өзү берген. Тажикстанда буга чейин бакшыларга кайрылган жарандарга карата да чаралар көрүлө турганы айтылган.

Ошондой эле тажик президенти «динге берилгендик» (фанатизм) беренеси боюнча беш миңден ашык «чала молдону» күч органдары тизмеге алганын да кошумчалады.

Количество просмотров: 143