• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коомдук жайда жарамазан айткан балдарга карата рейддер уюштурулат

28 Бирдин айы 202612:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева кечинде чоңдордун коштоосу жок көчөдө, коомдук жайларда жарамазан айтып жүргөн балдарга байланыштуу жыйын өткөрдү.

Мэриядан кабарлашкандай, анда бул багытта көзөмөлдү күчөтүү, рейддерди өткөрүү, балдарга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле тамактануучу, көңүл ачуучу жайларга жарамазан айтып жүргөн балдар киргизилген учур аныкталса мындай жайлардын ээлерине чара көрүлөрү эскертилди.

Количество просмотров: 127