• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Көз карандысыз ЖМКлардын жетекчилери Telegram аккаунттарын бузуп кирүү аракети болгонун жазышты

1 Бирдин айы 202417:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда бир катар көз карандысыз ЖМКлардын жетекчилери Telegram каналдагы аккаунттарын бузуп кирүү аракети болгонун жазып чыгышты.

Govori.TVнын негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова кечээ түндөн бери Telegram аккаунтун бузуп кирүү аракети болгонун айтат.

ПолитКлиника басылмасынын жетекчиси Дилбар Алимова хакердик аракеттер бир эле IP даректен жасалганын жазды.

Vesti.kg сайтынын редактору Гладис Темирчиева аккаунтун да бузуп кирүү аракеттери болуп жатканын белгиледи.

Ал эми журналист Лейла Саралаева Ички иштер министрлиги менен УКМКны жогоруда көрсөтүлгөн IP дарек менен бузууга аракет кылгандарды таап, жоопко тартууну талап кылды.

Количество просмотров: 84