• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБнин даярдыгы текшерилди

2 Тогуздун айы 202416:14 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен биргеликте 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБнин даярдыгынын жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жетекчилер электр чыпкаларын, тегирмен жабдууларын жана жаңы энергетикалык блокторду көрүп чыгышты.

Учурда Бишкек ЖЭБнин жана ТВЕА өкүлдөрү №3 энергетикалык блокко контролдук сыноо жүргүзүп жатышат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын июнь айында №3 блок капиталдык оңдоого чыгарылган, ЖЭБ жана ТВЕА кызматкерлеринин биргелешкен аракетинин натыйжасында, кыска мөөнөттүн ичинде блок капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Количество просмотров: 82