• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нурлан Кулжыгачев “Бишкек ЖЭБ” ишканасын жетектейт

16 Теке 202518:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык дайындоолор жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Нурлан Кулжыгачев “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Ал буга чейин аталган ишкананын ишенимдүүлүк жана коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Количество просмотров: 211