• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түптүн тургуну апасын зордуктоого аракет кылган жаранды сабап өлтүрдү

9 Тогуздун айы 2018 12:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.10.2018.Govori.TV
Кыргызстандын түштүгүндө кар жаап жергиликтүү элди таң калтырды. Анткени, алар күзгү жыйым-терим иштерин толук бүтө элек болчу. Түштүк түшүмдүү жер болгондуктан, сырттагы бышкан мөмө жемиштер кар алдында калды.
Бул тууралуу соц.тармактагы жеке баракчасына колдонуучу Манас Саматов, кар түшкөнүн сүрөткө тартып маалымат таратты.
«Биздин алма бак — кар басып калды. Асманы жакын айылыбызга кыш кокустан эле сурабай эле келе берет. Деңиз деңгээлинен 1950, 2000 метр бийиктикте жайгашкан.
Бирок, эч нерсе эмес, азыр акырын шактарын сынбай турган кылып, карларын күүп түшүрүп жатышат. Күндүн көзү ачылар замат көпчүлүк болуп терип алабыз буйурса.
Бир кар жеген алма эң таттуу жана узак сактаганга жарамдуу болуп чыга келет!
Биздин айыл өтө суук дебей, бийик тоолорду жердеген туугандар, алма көчөттөрүн тиккиле!!! Анан кийин алкыштайсыңар бизди!» — деп  жазган колдонуучу.
Кар алдында калган аймак Баткен облусунун Кадамжай  районуна караштуу, Жаңы-Коргон айылы.
Количество просмотров: 87