• Жума 12 Баш оона 2022
  • Пятница 12 Август 2022

Кадамжайда тойканада массалык уулануу катталды

1 августа 2022 в 9:48 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда тойканада массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 58 адам жабыркап, анын ичинен алтоо ооруканага жаткырылган (4 аял жана 2 бала). Алардын абалы орто оор деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча, 30-июлда тойканада 250 адамдын катышуусунда үй-бүлөлүк маараке өткөн.

Белгиленгендей, алгачкы жабырлануучулар 31-июлда саат 18:30дарда Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборуна кусуу, дене табынын 38-39га чейин көтөрүлүшү, алсыздык, ич өтүү симптомдору менен кайрылышкан (48 адам).

Тактоо учурунда жабырлануучулар этте, майонез кошулган салатта, тоок этинде жыт болгонун белгилешкен.

«Учурда лабораториялык текшерүү жүргүзүлүүдө. Кафеге санитардык-эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлүп, жабыркагандардын тизмеси такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 96

Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда