• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Wok Lagman тез тамактануучу жайынан массалык уулануу катталды

6 Бештин айы 202317:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Wok Lagman тез тамактануучу жайынан массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-декабрда түнкү саат экиде адамдарда уулануунун алгачкы симптомдору байкалган. Жалпы беш киши жабыркап, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Лабораториялык изилдөөлөр «Тамак-аш токсикоинфекциясы» деген диагноз чыгарган.

Белгиленген санитардык бузуулар боюнча протокол түзүлүп, мекемеге 215-беренесинин 5-бөлүгүнө (Тамак-аш азыктарын же тамак-аш чийки затын өндүрүүдө, жүгүртүүдө же сатууда техникалык регламенттердин талаптарын бузуу) ылайык 23 миң сом айып салынды.

Количество просмотров: 157