• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте тез татымдан 10 адам ууланды

8 Кулжа 20239:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте тамак-аштан массалык уулануу фактысы катталып, он адам жабыркады. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, 7-июндан тарта мекеменин ишин токтотуу боюнча санитардык буйрук чыгып, 36 миң айып салынган.

«Тамак-аш сатуучу жайга пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, микробиологиялык анализ жүргүзүү үчүн бир эле партиядан продукциянын үлгүлөрү алынды. Экспертизалар дайындалды»,-деп жазылат маалыматта.

Азырынча бул коомдук тамактануу жайына байланыштуу тамак-аштан уулануу фактылары боюнча башка кайрылуулар келип түшө электиги кошумчаланды.

Количество просмотров: 101