• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кадамжайдагы селдин кесепеттери жоюлду

22 Бугу 2018 8:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.05.2018. Govori.TV
“Ушул жылдын 18-майындагы Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери аяктады». Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кабарга караганда, тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Кара-Тумшук айылында болжол менен 1 га айдоо жерин, 1 чакырым аралыктагы ички чарбалык жолду, Кызыл-Коргон айылында 16 га айдоо жерлерди, 4 чакырым аралыктагы ички чарбалык жолду жана Ак-Турпак айылында 15 турак үйдүн жер тилкелерин, болжол менен 10 га айдоо жерлерди жана 300 метр аралыктагы ички чарбалык жолду каптаган.
“Кырсыктын кесепетин жоюуга айыл аймактан 2 жүктөгүч, 3 самосвал, 2 экскаватор, №46 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 самосвал, жергиликтүү тургундардан 14 адам тартылып, 21-май күнү тартылган күчтөрдүн жардамында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары толугу менен аятады”, -деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, кечээ Лейлек районунда да сел жүрүп, анын кесепеттери бүгүн такталууда.
Количество просмотров: 15