• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

депутат ЖК КР VII созыва
депутат Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы (Ыйман Нуру)

«Ыйман Нуру» парламенттик фракциясы
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети
1977 – жылы 31 – мартта Ош облусунун Кара – Кулжа районунда туулган.
1994 – жылы Кара – Кулжанын 1 – май айылындагы Алмаз Субанов атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктаган.
1999 – жылы Ош МУнун юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, юрист кесибине ээ болгон.
2009 – жылы Япониянын КОБЭ университетиндеги магистратураны аяктап, саясат таанычуу же саясат илимдердин магистри илимий даражасына ээ болгон.
1999 – 2005 – жылдары ОшМУнун окутуучусу (юридикалык жана кыргыз филологиясы факультетинде), юрист жана ректордун кенешчиси болуп иштеген.
2005 – 2007 – жылдары тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы;
2009 – 2010 – жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин катчылыгында эксперт;
2012 – 2013 жж. КР ТИМде башкармалыктын башчысы;
2013 – 2015 жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ᬬөлүм башчысынын орун басары,;
2015 – 2019жж. «Ыйман» фондунун тө¬¬рагасы;
2019 – 2021 жж. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, кийинчиреек министри болуп иштеген. 2021 – жылдын 29 – декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.
Сётокан карате боюнча Улуттук федерациянын президенти.
Υй – бүлөлүү, үч кыздын атасы.

Количество просмотров: 54