• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кадыркуловдун элчи болуп дайындалышы депутаттардын нааразычылыгын жаратты

26 Үчтүн айы 2022 11:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кечээ президент кол койгон жарлыктын негизинде Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Идрис Кадыркулов тууралуу депутаттар бир катар нааразы пикирлерин айтышууда.

Жыйында сөз сүйлөгөн депутат Нурлан Шакиев бул маселе үчүн парламент ыңгайсыз абалга калганын айтты.

«Элчинин талапкерлигин парламентке алып келип, “макулдук керек”- деп сунуштабай эле койсоңор болмок. Бул силердин катаңар… Ушундай кадамдарыңар менен парламент менен президентти ыңгайсыз абалга калтырып жатасыңар. Мындан кийин анда бир дагы элчини парламентке алып келбегиле», — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов да бул маселе боюнча өз пикирин айтып, төрагага кайрылды.

«Бизде бир аз кызык иштер болуп жатат. Идрис Кадыркуловдун талапкерлиги биздин комитетте колдоо тапкан жок, бирок аны бекитип коюшту. Бул туура эмес болуп калды. Анда Тышкы иштер министрлиги бизге алып келбей эле өзүнчө ишин кыла бербейби. Урматтуу төрага, ушул боюнча жакшыраак сүйлөшсөк», — деди депутат.

Жооп береген президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов мындай окуя экинчи кайталанбаарын убада кылды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров кечээ, 25-январь күнү Идрис Кадыркуловду Кыргызстандын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган жарлыкка кол койду. Ал эми Кадыркуловдун талапкерлигин ага чейин, тагыраагы дүйшөмбү күнү ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети карап, колдогон эмес.

Количество просмотров: 1048