• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)

10 Жетинин айы 202017:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында кайгуул кызматкерлерине бай ийбей, качып кеткен айдоочу кармалды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 8-ноябрь күнү Юнусалиев көчөсүндө кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган Mitsubishi-Delica унаасын токтотушкан. Бирок айдоочу кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, унаасын айдап качып кеткен.

Бирок кийинчерээк Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган айдоочу – 31 жаштагы Н.Д. аттуу жаран кармалып, Октябрь районунун милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Жазык кодексинин 355-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 236