• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кайгуулчулар сууга агып бара жаткан баланы сактап калышты

5 Баш оона 202310:03 Бишкек Govori.TV

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн каналындагы сууга агып келе жаткан өспүрүм баланы сактап калышты.

Милиция кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя бүгүн болгон. Куткарылган баланын абалы жакшы.

Кайгуул кызматы ата-энелерге кайрылып, кичинекей балдардын коопсуздугу өтө маанилүү экендигин жана аларга ар дайым көз салып туруу керектигин эскертет.

Количество просмотров: 125