• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кайра шайлоо: Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктады

11 Баш оона 202311:38 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу 11-августта аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта дагы 4 талапкерден арыз түшкөн, жалпы 34 талапкер (28 – эркек, 6 – аял) көрсөтүлдү.

Боршайком учурда алты талапкерди каттады (Аскар Алмаз уулун, Токтогул Какчекеевди, Эртай Искаковду, Турсунбай Бакир уулун, Сулайман Мамаевди, Жамалбек Ырсалиевди», ал эми бирөөнү каттоодон баш тартты (Жаныбек Абиров).

БШК конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 2023-жылдын 13-августтун саат 18.00гө чейин төмөнкү документтердин толук пакетин БШКга тапшыруу керек экенин эске салат:

  • өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен бекитилген формага ылайык, талапкер жөнүндө маалыматтарды;
  • паспортунун көчүрмөсүн;
  • жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
  • иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
  • бекитилген формага ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
  • жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;
  • шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

Конституциялык мыйзамдын 49, 61-беренелерине ылайык талапкерлерди каттоо 2023-жылдын 20-августунда аяктайт.

Конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык бардык талапкерлерди каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат, б.а. 2023-жылдын 8-21-августунан тартып.

Количество просмотров: 77