Осмоналиев Кайрат Медербекович Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
48-жаштагы Осмоналиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп 2016-жылдан бери иштейт. Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор.