Министрлик Кыргызстандагы жана коңшу өлкөлөрдөгү азык-түлүк баасына мониторинг жүргүздү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2025-жылдын 11-июнуна карата Кыргызстанда жана Россия Федерациясы, Казакстан Республикасындагы азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Кыргыз Республикасында баалар төмөнкүдөй жогорулаган:
– жумуртка – 1,5 %га,
– сабиз – 1,3 %га,
– күн карама майы – 0,9 %га.
Баасы төмөндөгөн продукт:
– пияз – 2,8 %га.
Казакстан Республикасында төмөнкү азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаган:
– пияз – 7 %га,
– картошка – 3 %га,
– өсүмдүк майы – 1,3 %га,
– кой эти – 1,3 %га,
– кумшекер – 0,9 %га.
Россия Федерациясында төмөнкү азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаган:
– пастерленген сүт жана каймак май – 2,8 %га,
– кой эти – 1,5 %га.
Баасы төмөндөгөн продуктулар:
– картошка – 9,2 %га,
– пияз – 5,6 %га,
– жумуртка – 0,9 %га