• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кайсы азык-түлүктөр кымбаттады?

14 Үчтүн айы 202518:12 Бишкек Govori.TV




Керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 2024-жылы 6,3%ды түздү (2023-жылдын декабрына салыштырмалуу). Бул тууралуу бүгүн, 14-январда маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү Айнура Нурбаева билдирди.

Ал 2023-жылдын аягында керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 7,3% болгонун эске салды.

Расмий маалыматтар боюнча, 2024-жылдын акыркы айындагы эң кымбат өсүү картошкада – 13,9%, бөтөлкөдөгү сүт – 9,1%, жашылчаларда – 9% болгон. Ошондой эле күрүчкө — 2,1%га, өсүмдүк майына — 1,9%га, тоок жумурткасына жана уй этине — 0,9%га, унга — 0,3%га жана жемиштерге — 0,2%га кымбаттады.

Бирок канттын баасы 2,9%га арзандады.

Количество просмотров: 292