• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кайсы унааларга 10 аймактык коду ыйгарылат?

25 Бирдин айы 202520:30 Бишкек Govori.TV

Мыйзамдаштыруу процедурасынан өткөн чет элдик номурлуу унааларга онунчу аймактын коду ыйгарылат. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Ал легалдаштырыла турган унааларга 10-аймакты көрсөткөн мамлекеттик номурлар болорун тактады.

10-коддун өзгөчөлүгү, аны менен унааларды сатууга, белекке берүүгө жана күрөөгө коюуга болбойт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда төмөнкү аймактардын коддору жарактуу жана унаа номурларында көрсөтүлгөн:

  • 01 — Бишкек;
  • 02 — Ош;
  • 03 — Баткен облусу;
  • 04 — Жалал-Абад облусу;
  • 05 — Нарын облусу;
  • 06 — Ош облусу;
  • 07 — Талас району;
  • 08 — Чүй облусу;
  • 09 — Ысык-Көл облусу.
Количество просмотров: 638