• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Калааны каптаган кара түтүн. Жапыкеев ЖЭБге барды

18 Үчтүн айы 2021 14:57 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Сыймык Жапыкеев бүгүн, 18-январда Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин Бишкектеги ЖЭБден зыяндуу заттардын чыгуусу боюнча 233-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Финполдун башчысы менен аталган ишти иликтеп жаткан тергөө тобу да барган. Бүгүнкү күндө көмүрдүн калориясы жана экологияга таасири боюнча экспертиза жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Буга чейин Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБине Кара-Кеченин көмүрү туура келбей турганын, бул үчүн ЖЭБдин курулушун жүргүзгөндөр жоопко тартыларын 3-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ал ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты начар экенин белгилеген.

Количество просмотров: 1102