Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевден кабар алганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Жапыкеев шаар четиндеги үйүндө мал багып, жыгач усталык менен алек болуп жатат.
«Сыймык оргиналдуу ой жүгүртүп, күтүүсүз чечимдерди кабыл алган уникалдуу адам. Шаар четинде этно стилдеги үйүн куруп жатыптыр»,-деди Текебаев.