• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

ЖЭБди оңдоого кытайлык ТВЕА компаниясынын адистери келет

1 Чын куран 2024 9:21 Бишкек Govori.TV

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 31-мартта Бишкек жылуулук борборунда (ЖЭБ) кытайлык ТВЕА компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Синь менен жолукту.

Аталган министрликтен кабарлашкандай, анда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо, эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу тууралуу сөз болду.

«Жолугушууда ЖЭБдин №3 жана №4 блокторун оңдоо өнөктүгүнүн алкагында ТВЕА адистерин жөнөтүү чечими кабыл алынды. Алар кыргызстандык адистерди мындан ары өз алдынча оңдоо иштерин жүргүзүүгө даярдап, окутат», — деп жазылган маалыматта.

ТВЕА компаниясы 2014-2017-жылдары Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иштерин жүргүзүп, 2018-жылы январда анда авария болгондон кийин териштирүү башталган.

Анын жыйынтыгында оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон. Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген.

Быйыл 2-февралда да таңкы саат 3төр чамасында ЖЭБде катуу жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.

Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркаган жана экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлүп, дарыланып жатат.

Өткөн аптада ЖЭБдеги авариянын себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын корутундусу даяр болгон. Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев «Азаттыкка» кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянак чыгарылганын билдирген.

Теги:
Количество просмотров: 53