Бишкек.21.12.2018.Govori.TV
20-декабрда Бишкек шаарынын аймагында калааны каптаган кара түтүндүн алдын алуу боюнча рейд болду. Бул маселени жолго коюу үчүн Биринчи Май районунун өкүлдөрү менен укук коргоочулардын коштоосунда рейд жүргүзүлдү. Рейдде мончолорго чүпүрөк, унаанын эски дөӊгөлөктөрүн жагып жүргөн фактылар катталып, мончо ээлерине айып пул салынды. Бишкек шаарындагы кара түтүндү алдын алуу максатында мындай рейддер тынымсыз боло берерин Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков билдирди.