• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Калкка көмүр берүү качан башталат?

14 Аяк оона 2021 11:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда калкка көмүр сатуу октябрдын башында башталат. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчиси Мирлан Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жылына 3 миллион тоннадай көмүр керектейт. Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы 1 тоннасына 1 миң 330 сомду түзөт

«Кара-Кече көмүр кенинде абал турукташып, көмүр казуу иштери улантылууда. Өлкө боюнча 758 көмүр кампасы ачылды. Калкка көмүр берүү октябрдан башталат. Ал эми Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) көмүр ташуу жүрүп жатат. Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат. Республика боюнча көмүр казган 70тен ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 41ге чукул», — деди ал.

Количество просмотров: 148