• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Калкты тейлөө борборлорунун иши бир саатка узарат

13 Аяк оона 202423:19 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 16 сентябрынан тарта Калкты тейлөө борборлору (ЦОН) жаңыча график менен иштей тургандыгын Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Мындан ары Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлору эртең мененки сегизден кечки алтыга чейин иштешет. Түшкүсүн 12ден 13кө чейин танапис болот.

Муну менен алардын жумуш убактысы бир саатка узарат. Бул иш мамлекеттик кызматтарды жарандар толук жана эффективдүү алуусу үчүн жасалып жатат.

Количество просмотров: 219