• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Калкты тейлөө борборундагы кезек күтүү көйгөйү качан чечилет? Министрдин жообу

19 Теке 2022 12:57 Бишкек Govori.TV

Калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү көйгөйүн 2023-жылдын жай айына чейин чечебиз. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов бүгүн, 19-июлда алты айда жасаган иштери тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, президент бир жылдын ичинде маселени чечүү тапшырмасын койгон.

«Бул жаатта платформалар иштелип жатат. Ошондой эле мобилдик тиркеме аркылуу алдын ала кезекке туруу системасы киргизилүүдө. Калкты тейлөө борборунда кезек күтүү көйгөйүн кийинки жылдын жай айына чейин чечебиз. Биз жасаган долбоорлорду эл, журналисттер, жарандык активисттер колдоп турса жакшы болмок «, — дейт Иманов.

Количество просмотров: 282