• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болду

14 Жалган куран 2024 15:36 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги «Ак-Тилек-автожол» жана «Чалдыбар-автожол» көзөмөл өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-март, саат 12:30га карата «Ак-Тилек-автожол» пунктунда Кыргызстандан чыгууга 430 жүк ташуучу унаа турат. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 342 унаа чыккан.

Ал эми «Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында Кыргызстандан Казакстанга багыт алган 90 жүк ташуучу унаа катталган.

«Тез бузулуучу азык-түлүк, жаныбарлар менен өткөн транспорт каражаттары өткөрүү жайынан кезеги жок өткөрүлүп жатат. Кыргызстандын да, Казакстандын да Чек ара кызматы тарабынан жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөөлөр жок. Өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат» , — деп айтылат маалымата.

Количество просмотров: 123