• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш утту

20 Баш оона 2021 9:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы жаштар арасында кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында жазылат.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-22-август аралыгында Россиянын Уфа шаарында өтүүдө.

Калмира Билимбек кызы 55 кг салмакта алгач монголиялык жана америкалык спортчуну жеңип, жарым финалга чыккан. Анда мекендешибиз россиялык Анастасия Яндушкинанын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.

Алтын үчүн күрөштө Билимбек кызы Белорустун спортчусу Алеся Гетманова менен күч сынашып, ага 6:7 эсебинде утулуп калды.

Эскерте кетсек, буга чейин Мухаммад Абдуллаев жаштар арасында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.

Количество просмотров: 92