• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Камактагы активист, блогерлер тууралуу эл өкүлдөрүнүн оюу

19 Тогуздун айы 2022 13:48 Бишкек Govori.TV

Коомчулукта камакта жаткан бир катар активисттерди бошотуу, куугунтукту токтотуу талабы айтылып келет. Алсак, социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек “Массалык баш аламандыктар” беренесине шек саналып июнь айынан бери камакта. Ага да Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн иш козголгон.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүмүнө “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен шек саналып, август айынан бери тергөө абагында отурат.

Камактагы активист, блогерлер тууралуу эл өкүлдөрү өз пикирин билдиришти.

Количество просмотров: 108