Камактагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынганы кабарланды. Бул тууралуу соцтармакка видео жарыяланып, андан бөлмөнүн чачылып жатканын көрүүгө болот жана аны тарткан адам тинтүү 18-августта кечки саат 6.20да болгонун айткан.
Ички иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.
Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.