• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Камактан чыккан Бекназаров эмне деди?

14 Кулжа 2024 21:17 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.

Сот өкүмүнөн кийин бошотулган саясатчы Азимбек Бекназаров чечим тууралуу кыскача комментарий берди.

«Канчалык кыйын болгону менен акыры акыйкаттык жеңди. Кандай гана саясий боёк болбосун бизге адилеттүү чечим болгону маанилүү болду», — деди Бекназаров.

Белгилей кетсек Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Бүгүн алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.

Райондук соттун өкүмүнөн кийин Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов эркиндикке чыкты.

Количество просмотров: 491