• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Камчы Көлбаевдики делген кафеде бомба изделип жатканы айтылды (видео)

17 Теке 202322:25 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Атадагы “Барашек” кафесинде жардыруучу зат бар экени тууралуу кабар келип келип түшкөнү боюнча маалыматтар тарады. Соцтармакка жарыяланган видеодо кафе курчоого алынганын көрүүгө болот.

Ал эми Ысык-Көл милициясы кабарлагандай, жардыруучу зат тууралуу маалым электрондук почтага келип түшкөн, бирок ал катта кафенин же ресторандын аты жазылган эмес.

«Электрондук почтага кафенин террасасында жарылуучу зат бар экени айтылган гана кат келген. Бирок анда дал ушу «Барашек» же башка кафенин аты жазылган айтылган эмес. Мындан улам учурда күч кызматкерлери облус аймагындагы бардык террасасы бар кафелерди текшерип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, аталган «Барашек» кафеси кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевге таандык делген маалыматтар айтылып жүрөт.

Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы бул маалыматты текшерип,  “Барашек” кафеси жайгашкан жер Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага таандык экенин аныкташкан.

Количество просмотров: 119