• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камчы Көлбаевдин мүлктөрү кимге берилди?

28 Баш оона 202415:23 Бишкек Govori.TV


Кылмыштуу дүйнөнүн анабашысы, маркум Камчы Көлбаевге таандык делген Ысык-Көлдөгү “Ак-Марал” эс алуу борбору бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Бажы кызматынын ырасташынча, Министрлер Кабинетинин буйругу менен пансионат аталган кызматтын карамагына өтүп, жеке үйлөр менчик ээлеринде калат.

Эске салсак, Көлбаевге таандык болгон “Булат-М” ЖЧК жана “Blonder Pub” кафеси президенттин иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Мындан тышкары анын “Kia Rio X-Line”, “Mercedes-Benz S600” үлгүсүндөгү унаалары президенттин иш башкармалыгына жана УКМКга берилген.

Количество просмотров: 259