• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ташиев: Көлбаевдин апасы унаалардын документтерин бербей жатат

23 Жетинин айы 2023 16:35 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жок кылынган кримтөбөл Камчы Асанбекке (Көлбаев) тиешелүү жалпы 60 унааны алды. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы Камчыбек ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттиги тарабынан электрондук аукционго коюлган 6 унаа юридикалык жактан таза жана үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан өз эрки менен берилген унаалар болуп саналат.

«Жакын арада дагы 14 унаа аукционго коюлат. Калгандары боюнча азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Айрым унаалардын документтери жок, кээ бири анын жакындарына, уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө же үчүнчү жактарга катталган. Камчы Көлбаевдин апасына эле брондолгон 6 унаа катталган, ал унаалардын документтерин бербей жатат», — деди ал.

Ташиев белгилегендей, жакын арада сот болот, анын жыйынтыгы менен бардык унаалар мамлекетке кайтарылып, электрондук аукционго коюлат.

Количество просмотров: 278