• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Канада жана Британия Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү таратты

14 Бугу 2021 11:31 Бишкек Govori.TV

Канаданын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиликтери Кумтөр кенине байланыштуу биргелешкен билдирүү таратты. Анда аталган эки өлкө Кыргызстандын маанилүү инвестициялык өнөктөшү экени белгиленип, тоо-кен тармагына байланышкан акыркы окуяларга тынчсыздуусун билдирген.

«Ачык акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзамга жана парламенттин 17-майдагы кезексиз отурумуна көз салып жатабыз. Биздин түшүнгөнүбүз боюнча, 17-майда депутаттар «Кумтөр Голд» компаниясын улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат. Бирок бул окуялар Кыргызстанга түз инвестициянын келишине кесепетин тийгизет деп тынчсызданып жатабыз. Бул Кыргызстандын ансыз да алсырап бараткан экономикасына залалын тийгизет”, — деп жазылган билдирүүдө.

Элчиликтер Кыргызстандын Министрлер кабинети менен орток пикирге келип, макулдашуулар оң натыйжа берерине ишеним артып турганын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров 14-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга кол койду.

6-майда бул мыйзамдын долбоору парламентте кабыл алынган. Анда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдер камтылган. Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган берене менен толукталган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор «таптакыр негизсиз» экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, «Кумтөр Голд» мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапапов “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 10279