Канаданын жана Мексиканын бийлиги АКШ лидери Дональд Трамптын жарлыгынан кийин америкалык товарларга каршы жооп иретинде пошлиналарды дароо киргизет, деп маалымдайт Deutsche Welle.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо өлкө АКШ президенти Дональд Трамптын импорттук салыктар боюнча чечимине жооп катары америкалык товарларга тарифтерди киргизерин жарыялады.
“Бүгүн кечинде мен Канада соода тармагындагы АКШнын аракеттерине жооп катары 155 миллиард долларга бааланган америкалык товарларга 25 пайыздык тариф киргизерин жарыялайм”, – деди Трюдо.
Трюдо канадалыктарга кайрылуусун америкалык керектөөчүлөргө багытталган билдирүү менен баштады.
“Бул сиз үчүн, америкалык эл үчүн реалдуу кесепеттерге алып келет. Биз, албетте, чыңалууну күчөтүүнү каалабайбыз. Бирок биз Канаданы, канадалыктарды жана канадалык жумуш орундарын коргойбуз”, – деди ал. Ошондой эле бул азык-түлүк жана башка товарлардын баасынын жогорулашына алып келерин белгиледи.
Бул билдирүү Трюдонун провинциянын премьер-министрлери жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусунан кийин жасалды.
Ошол эле учурда, Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум Дональд Трампты “каралоо жасап жатат” деп айыптап, анын өлкөсү да жооп чараларын көрүп, тарифтерди киргизерин жарыялады.
Мексиканын лидери Дональд Трамптын фентанил контрабандасына каршы күрөшүү боюнча талаптарына комментарий берип жатып, анын өкмөтү акыркы төрт айда 40 тоннадан ашык баңгизат, анын ичинде 20 миллион доза фентанилди кармап алганын билдирди. Шейнбаум ошондой эле он миң адам кармалганын айтты.
Мексиканын президенти каршылашууга умтулбай турганын, тескерисинче, кызматташтыкты колдой турганын баса белгиледи.
“Эгерде АКШ чындап эле баңги зат сатуу жана зомбулук менен алектенген кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнү кааласа, анда биз биргеликте, интеграцияланган форматта иш алып барышыбыз керек”, – деди Шейнбаум.
Ошондой эле ал өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн Экономика министрине тарифтик жана тарифтик эмес чараларды киргизүүнү тапшырганын билдирди.
Ошол эле учурда, Кытай АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган жаңы тарифтерге “катуу каршы” экенин билдирип, “өз укуктарын жана кызыкчылыктарын чечкиндүү коргоо үчүн тиешелүү каршы чараларды көрөрүн” убада кылды.
Кытайдын Соода министрлиги Кытай бул бирдиктүү тарифти эл аралык соода эрежелеринин “олуттуу бузулушу” деп айыптап, АКШга каршы Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) доо арыз менен кайрыларын билдирди.
Пекин тараткан билдирүүдө: “Кытай АКШнын фентанил сыяктуу ички көйгөйлөрүн объективдүү жана рационалдуу түрдө карап чыгып, чечишин каалайт. Башка өлкөлөргө ар бир ыңгайлуу учурду пайдаланып, тарифтер менен коркутуу туура эмес”, – деп белгиленди.
Эскерте кетсек, АКШда 1-февралдан тартып Канада, Мексика жана Кытай өлкөлөрүнөн ташылып келген товарларга пошлина киргизилет. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт билдирди.
Өлкөнүн аймагына алып кириш үчүн алынчу алым (пошлина) Мексика менен Канададан 25%, Кытайдан 10% өлчөмүндө белгиленет.
Сырттан келген товарларга пошлина киргизүү азыркы президент Дональд Трамптын шайлоо алдындагы программасынын негизги бөлүктөрүнүн бири болгон.
Трамптын чечиминде белгиленгендей, аталган өлкөлөрдүн импорту АКШ экономикасынын маанилүү бөлүгү. Кошмо Штаттардын мунайды кайра иштетүүчү өнөр жай тармагынын болжол менен 20-25% Канададан келген нефтини колдонот.
Канаданын жалпы экспортунун 70% АКШга туура келет. Кошмо Штаттарга импорттолгон жашылча-жемиштин болжол менен 64% Мексикадан келет.
Жаңы киргизилип жаткан пошлина АКШнын керектөөчүлөрүнө, баанын өсүшүнө таасирин тийгизбеш үчүн кандайдыр бир чара көрүлөр-көрүлбөсүн Ак үй белгилеген жок.