28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер катары катышуу үчүн дагы 5 жаран арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыздар Борбордук шайлоо комиссиясына 17-18-сентябрь күндөрү түшкөн. Анда депутат Канатбек Исаев бир мандаттуу округдан талапкер болору жазылган.
Талапкерлер:
— Байыш Курманов – №30 Ысык-Ата округу;
— Айбек Алтынбеков — №15 Базар-Коргон округу;
— Актилек Нурланбеков — №26 Ленин округу;
— Абдижамил Насиров — №3 Кадамжай округу;
— Канатбек Исаев — №31 Чүй-Кемин округу.
Буга чейин Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаевдер бир мандаттуу округдан арыз берген.